(КР Эмгек Баатыры, инженер, геолог Кубат Осмонбетовго)
Жерпайыңыз Ак-Талаа бай кыртыштуу,
Арчасы жаштык, гүлдөрү кооз кыз жыттуу.
Бийик орун, иштериңиз баатырдык,
Жердештерге айрыкча бир сыймыктуу.
Канча тоону маңдай терге сугарып,
Тапкан кендер өлкө баасы тура анык.
Өз ысмыңыз менен бирге бүт элдин
жана жердин атын бийик чыгарып.
Жүргөн жылдар тоо таяна күндү ордоп,
Чарчоону да, тыным билбей түндү ордоп.
Геологдук илимий да, ишмердик,
Жалпы адамзаты үчүн үлгү-өрнөк
Билимдин да, илимдин да мыктысы,
Сизге конгон наамдардын Кут тушу.
Эл аралык чөйрө тааныйт жакынтан,
Бүгүн өрнөк сиздей геолог турмушу.
Тоо уулусуз, жарыштардан оздуңуз,
Жылдыз жанган көктө болуп ордуңуз.
Дүйнөдөгү геологиялык илимге,
Өчпөй турган зор үлүштү коштуңуз.
«Кубат!» деген-зор күч, нарк-салт, жарык ат,
Санжырачы, тарыхчы да, алтын зат.
Акылман да, айкөл дагы, кең пейил,
Сейрек кендей сейрек чыккан алп талант!
Ар кыл өнөр океанда аралдай,
Сөздөр өлөт өзүнүздөй жаралбай.
Сиз жеткен чек, чокулары илимдин,
Алпинсттей ойлор жүрөт бара албай.
Жашоонузду жакшылыкка оротуп,
Бүт өмүрдү эл-жер үчүн коротуп.
Өнөр менен «Тоо инженер, геолог»,
Өлкөнүн бир кубаты Сиз болосуз!
Атынызды ардак менен торотуп,
Кимге болсо пейлиңизден боло Кут,
Ак-Талааны бардык жерде таанытып,
«90» аттуу “Тоо” деген Сиз болосуз!
Элге сиңген эмгегиңиз суулардай,
Калк көзүндө көлдөгү Ак куулардай.
Мам. мааниде кадыр-барк да, атак-данк,
Өзүңүздөн желбирейт ал Туулардай!
Төшүңүздө жаркырайт ал тумардай!
Өмүрбек Дөлөев,
КР Эл акыны.
Ак-Талаа району, Баетов айылы.

