Эл артисти Жолболду Алыбаев 100 миң сом сыйлык алды

Бүгүн, 19-майда Ош улуттук драма театрында айтылуу ырчы, дастанчы, комузчу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди. Маараке алкагында дастанчыны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана замандаштары куттукташты.

Оштун шаар башчысы Жолболду Алыбаевдин элдик ырларды аткаруудагы, оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүүдөгү сиңирген зор эмгегин баса белгиледи. Куттуктоо сөз менен бирге мэр айтылуу дастанчыга 100 миң сом сыйлык ыроолоду.

Жолболду Алыбаевдин мааракеси майрамдык концерт менен коштолду.