whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүӨлкөнү өргө тарткан өкмөттүн кадамдары

Өлкөнү өргө тарткан өкмөттүн кадамдары

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде төмөнкү олуттуу маселелерге токтолду.

Күтүүсүз сунуш болду

–  Мен үчүн президенттин Министрлер Кабинетин жана Президенттик администрацияны жетектөө сунушу күтүүсүз болду, бирок мен аны терең жоопкерчилик сезими менен кабыл алдым. Бул элибиздин, мамлекеттик бийликтин бүткүл системасынын, баарынан мурда, ушул кызматты мага ишенип тапшырган  Садыр Жапаровдун алдындагы жоопкерчилик эле.

Буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Президенттин Адиминистрациясынын жетекчисинин орун басары болуп, министрлик кызматтарды аркалап, мамлекеттик органдарды жетектеп келсем да, албетте, мунун бардыгын өкмөт башчысына, ошол эле учурда Президенттин Адиминистрациясынын жетекчисине жүктөлгөн жоопкерчилик менен салыштырууга болбойт. Бул эбегейсиз концентрацияны, ырааттуулукту жана бир эле учурда ондогон процесс-терди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн талап кылган башкаруунун уникалдуу форматы.

Кыргызстандын жаңы тарыхында президент Садыр Жапаровдон башка эч ким кыска мөөнөттүн ичинде жана мынчалык көп багыттар боюнча мынчалык фундаменталдуу жана тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алган эмес. Ал төрт жылдын ичинде бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасын трансформациялоону ишке ашырды, эски ыкмаларды бузуп, жарандардын жашоосун реалдуу өзгөртүүгө, түпкү натыйжага багытталган -бийликтин динамикалуу жаңы моделин киргизди.

Заман чакырыктары жана мамлекеттик система

– Жаңы кызматта президент менин алдымда турган негизги  милдеттерди так белгиледи: мамлекеттик системаны жаңы замандын чакырыктарына – глобалдык атаандаштыкка, өзгөрүп жаткан геосаясатка, технологиялык жетишкендиктерге толук ылайык келтирүү. Ал “биз дагы тезирээк, дагы натыйжалуу аракеттенүүбүз” керектигин айтты.

Демек, биздин башкы багытыбыз ушундан келип чыгат, бул – бюрократия-дан арылтуу, чечимдерди кабыл алууну тездетүү, максималдуу функционалдык, заманбап жана технологиялык мамлекетти түзүү. Бардык чечимдер –экономика, социалдык саясат, инфраструктура, региондук өнүгүү тармагында болобу, конкреттүү натыйжага жетишүүгө багытталган.

Жакында эле 45 маселе боюнча чечим кабыл алынды, анда бюрократиядан арылтуу чараларынын биринчи пакетинин негизин түзгөн 36 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жана 10го жакын системалык тапшырмалар камтылган. Реформаларга мамлекеттик органдардын аудити, ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу аркылуу процесстерди санариптештирүү, айрым мамлекеттик функцияларды аутсорсингге берүү, ошондой эле чыгымдарды азайтуу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууну тездетүү аркылуу мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу кирет.

Биз өлкө кагаз жүзүндө эмес, реалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керектигин түшүнөбүз. Ал эми бул үчүн башкаруунун сапаттык жактан башка деңгээли – тартиптүү, мотивациялуу, кесипкөй жана чынчыл болушу керек.

Биз процесстерге аудит жүргүздүк, макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрдүк, чечимдердин аткарылышына көзөмөлдү күчөттүк, ички документтерди жана отчеттуулукту санариптештирүүнү баштадык, реалдуу кырдаалды кабинеттен эмес, жер-жерлерде көрүү үчүн көчмө форматтарды активдештирдик. Негизги жумуш алдыда. Бирок ырааттуу кириштик, аткаруу жолдору аныкталды, команда түзүлдү. Эл бизден күткөн жана өлкөнүн президенти биздин алдыбызга койгон натыйжаларды системалуу, жоопкерчиликтүү жана ак ниет эмгек гана берээрине биз толук ишенебиз.

Быйыл 128 өнөр жай объектиси ишке берилет

– Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинетинин башчысы катары менин алдымда так жана абдан конкреттүү милдеттер турат: экономикалык өсүштүн басаңдашына жол бербөө. Биз жылына 9-10% дан кем эмес динамиканы сактоого милдеттүүбүз – бул биздин негизги максатыбыз.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-февралында экономикалык өсүш темпи 10,7% ды түздү. Ал эми экономиканын өсүшү жумуш орундарын түзөт, бюджеттин кирешесин кеңейтет, президенттин дымактуу долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Бул үчүн биз 128 өнөр жай объектисинин тизмесин түздүк, алар ушул жылы пайдаланууга берилиши керек. Бул жөн гана имараттарды куруу эмес, толук кандуу өндүрүш циклин баштоо. Жеке өзүм бул объектилердин ар бири үчүн жоопкерчиликти Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө бөлүштүрдүм. Азыр менин бардык орун басарларым, ар бир министр, агенттиктин ар бир башчысы конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке жооп берет. Ар бир объект менин жеке көзөмөлүмдө болот жана аймактарга болгон ар бир сапарымда мен биринчи кезекте ошол объектилерге барып, алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйм.

Биз ошондой эле инвесторлор менен иштөө ыкмасын өзгөрттүк. Ар бир ишкерге – ал чет элдик инвесторбу же жергиликтүү ишкерби – биз бардык мамлекеттик органдардын: акимден министрге чейинки колдоосун камсыз кылышыбыз керек. Бул принципиалдуу маселе. Бизнес менен жандуу диалог болмоюн, административдик тоскоолдуктарды алып салмайын экономиканын өсүшү да, жаңы өндүрүштөр да, жумуш орундары да болбойт.

Геосаясатта – улуттук  кызыкчылыктарыбызга таянабыз

– Албетте, бизге өтө татаал геосаясий кырдаалда иштегенге туура келүүдө. Турбуленттүүлүк уланууда, тышкы чакырыктар, анын ичинде үчүнчү санкциялар сакталууда. Биз акча жоготуп, базарларды жоготуп, глобалдык оюнчулардын кызыкчылыктарынын ортосунда калууга аргасыз болобуз. Бирок бул татаал кырдаалда биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызга бекем таянабыз. Башкы багыт – кыргызстандыктардын бакыбаттуулугу.

Биз жогорку деңгээлдеги геосаясий талаш-тартыштарга алаксыбайбыз. Биздин милдет – күн сайын конкреттүү милдеттердин үстүндө иштөө: долбоорлорду баштоо, бизнести колдоо, адамдардын көйгөйлөрүн чечүү.

Биз президент тарабынан демилгеленген ири улуттук долбоорлорду ишке ашырууну улантуудабыз. Баарынан маанилүүсү:

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу, биз аны ишке ашыруу баскычына өттүк;

Камбар-Ата ГЭС-1, флагмандык гидроэнергетика долбоорун ишке киргизүү;

CASA-1000 энергетикалык долбоорунун акыркы баскычы, ал жаңы экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Патент системасына кайтып келебиз 

– Ички рынокто дагы бир катар маанилүү кадамдарды жасадык. Биз салык механизмдерин, атап айтканда – товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) колдонуу тартибин кайра карап чыктык. Кайсы жерде кепилдик берилсе, биз патент системасына кайтып келебиз – айрыкча чакан бизнес үчүн. Жүз миңдеген кыргызстандыктар базарларда ак ниет эмгегинин эсебинен үй-бүлөсүн багып жатканын биз жакшы түшүнөбүз. Мен расмий айткым келет: биздин өкмөттүн алардын жашоосун татаалдаштыруу милдети жок.

Биз салыктар төлөнүшүн каалайбыз, бирок – ыңгайлуу, ачык-айкын жана ашыкча бюрократиясыз. 100 сом салык чогултуу үчүн адам бир нече саат жана нервдерин коротушу мүмкүн эмес. Биз буга жол бербейбиз. Башкаруу акылга сыярлык жана экономикалык жактан натыйжалуу болушу керек.

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши тарыхый окуя

– Чындыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн аякташы жана келишимге кол коюлушу – бул экономикалык кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан тарыхый окуя болду. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү эң бийик көрсөткүчүнө 2015-2016-жылдары жеткен, келечекте бул көрсөткүчтү бир топ жогорулата алабыз деп ишенебиз. Биздин максат, 2030-жылга карата 500 млн. долларга жетүү. Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары Кыргызстан Тажикстандан миллиондогон керектөөчүлөрдү камтыган ЕАЭБ рыногуна товарлар жана кызматтар үчүн маанилүү транзиттик хаб болууга даяр. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Тажикстандын Худжанд шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу жолугушуусу пландалууда. Үч өлкөнүн лидерлеринин жана боордош элдердин алдыда боло турган жолугушуусу маанилүү окуя болуп, бүткүл дүйнөгө Борбор Азия кызматташтыкты, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөөгө умтулганын көрсөткөн кубаттуу коңгуроо болуп калат деп ишенем.

Камбар-Ата-1 – Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы

– Вашингтонго боло турган жумуш сапарымдын алкагында мен Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларына катышууну пландап жатам. Албетте, Жазгы жолугушуулардын алкагында талкуулай турган приоритеттүү маселелердин бири биз алдыга жылдырып жаткан – Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору. Биз бул долбоорду жөн гана энергия булагы катары эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы катары карайбыз. Аны ишке ашыруу энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга, экономикалык өсүштү турукташтырууга жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Биз бир гана каржылоонун зарылчылыгы жөнүндө эмес, аны ишке ашырууда эң заманбап жана экологиялык жактан таза технологияларды колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Экинчиден, программанын маанилүү пункттарынын бири өлкөнүн рейтингин талкуулоо болот. Өлкөнүн учурдагы  экономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өнүгүүнүн келечеги тууралуу маалымат берүү үчүн рейтингдик агенттиктердин өкүлдөрү менен жолугушууну пландаштырып жатабыз. Биз Кыргызстан экономикалык реформаларды ырааттуу ишке ашырып, институттарды бекемдеп, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жаткан өлкө экенин көрсөткүбүз келет. Өнөктөштөрүбүз цифралардын жана көрсөткүчтөрдүн артында туруктуу өнүгүүгө жана ар бир жарандын жашоосун жакшыртууга чыныгы умтулуу турганын көрүшүн каалайбыз.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар