Ушул тапта ордо калаабыз Бишкекте Франкофония жумалыгы өтүп жатат. Франкофония жумалыгы – жыл сайын жазында бүткүл дүйнөдө белгиленүүчү француз тилинин жана француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятынын фестивалы. Бул фестиваль Кыргызстанда 1993-жылдан бери өтүп келери белгилүү. Быйыл “Француз тили – дүйнөгө терезе” деген теманын алкагында өтүп, түрдүү иш-чараларды камтыды.
Белгилей кетсек, француз тили дүйнөдөгү эң көп сүйлөнгөн бешинчи тил жана беш континентте 300 миллиондон ашык адам сүйлөгөн бизнестин жана дипломатиянын тили болуп саналат. 88 өлкө Эл аралык Франкофония уюмуна мүчө, анын 29унда француз тили расмий тил болуп саналат.
Жумалык Рахатбек Осмоналиев жетектеген А.Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык чоң симфониялык оркестрдин концерти менен башталды. Программада Жорж Бизе, Артур Хонеггер, Шарль Гуно, Сезар Франк, Лео Делибес, Жак Оффенбах жана Морис Равел сыяктуу улуу француз композиторлорунун чыгармалары аткарылды. Бул музыкалык шедевр-лер, алардын ар бири өз алдынча француз музыкалык салтынын бай экенин жана тереңдигин чагылдырып, көрүүчүлөргө унутулгус сезимдерди тартуулады. Концерт француз классикалык музыкасынын чыныгы майрамына айланды.
Ал эми Улуттук тарых музейинде искусство таануучу Гордана Фэйдин “Луврдун кызыктуу тарыхы” деген темада ачык лекциясы болуп өттү. Ал Лувр сарайынын тарыхы, түзүлүшү, анын кээ бир шедеврлери жана келечектеги долбоорлору, мисалы, «Луврдун Жаңы Ренессансы» тууралуу айтып берди. Франкофония жумалыгынын уюштуруучулары балдар үчүн да маданий, оюн-зоок программаларды эске алып, М.Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатында балдар үчүн француз музыкасынын концерти тартууланды. М.Жангазиев атындагы куурчак театрында спектаклдер коюлуп, регби боюнча спорттук турнир орун алды.
Бүгүн 11-апрелде саат 18.00дө “Россия” кинотеатрында швейцариялык “Барабанды жардыруу” комедиясынын бет ачары болмокчу. Ошондой эле, француз, бельгиялык жана канадалык режиссерлордун тасмалары Кино үйүндө да көрсөтүлмөкчү. Мындан сырткары, 11-апрелде саат 14:30да Эразмус+ программасы менен Европа өлкөлөрүндө окуу боюнча конференциясы өтөт.
Франциянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас ФЕЙ: «Француз тилин үйрөнүүгө шыктандыруу»
«Мен швейцариялык жана бельгиялык кесиптештерим жана Француз Альянсы менен биргеликте Бишкекте Франкофония жумалыгына катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Франкофония жумалыгы сиздерди дүйнөнүн ар бир континентинде 350 миллион адам сүйлөгөн универсалдуу тил болгон француз тилин үйрөнүүгө шыктандырат деп ишенем. Француз тили сизге окууга, бизнес жүргүзүүгө жана өзүңүздү өнүктүрүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү ачат»,– деди.
Бишкекте Француз Альянсынын президенти Гүзел ИШЕНОВА:
«Жаңы горизонтторду ачууга жол»
«Франкофония жөн эле тил эмес. Бул жалпы баалуулуктар жана маданият менен бириктирилген чоң үй-бүлө. Ал эми биздин үй-бүлө жыл сайын жаңы идеялар, жаркын жолугушуулар менен толукталып турат. Француз тилин үйрөнүүнү каалагандар Француз Альянска келсе болот. Бул жаңы горизонтторду ачууга, эл аралык сертификаттарды алууга жана ал тургай Францияга окууга же иштөөгө мүмкүнчүлүк берет».
Эске салсак, Бишкектеги Француз Альянсы коомдук бирикмеси 1993-жылы негизделген жана эл аралык Альянс Француз Фонду тарабынан дүйнөдөгү Француз альянстарынын тармагынын мүчөсү катары таанылган. Француз тили боюнча Кыргызстандагы жападан жалгыз расмий борбор. Аталган борбор Франциянын Кыргызстандагы элчилиги менен тыгыз кызматташтыкта иштейт жана Франциянын Кыргызстандагы расмий тил жана маданий өкүлү болуп саналат.
Француз Альянсынын Бишкектеги миссиясы Кыргызстанда француз тилинин кадыр-баркын коргоо жана көтөрүү ошондой эле, Франция менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

