«Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезити Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте «Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аттуу кереге кеңеш өткөрдү.
Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле тилди жайылтууга салым кошуп жаткан эркин медиа эксперттери катышып, суроолорун жана сунуштарын беришти. Катышуучулардын ортосунда талкуу жүргүзүлүп, практикалык мисалдар жана анализдер ортого салынды. Ошондой эле, мамлекеттик тилди маалымат айдыңында өнүктүрүү жолдору талкууланды.
Кереге кеңеш “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматовдун алып баруусунда өттү. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев өз сөзүндө: “Мамлекеттик тилдин коомдогу орду ЖМКлар аркылуу бекемделет. Журналист – тилди элге тааныткан инсан. Эгерде биз медиа аркылуу тилдин тазалыгын сактап, нормаларын карманууну талап кылбасак, тилдин өнүгүшүнө кедерги жаралат. Бул багытта биргелешкен аракеттерди күчөтүүбүз зарыл”, – деп белгиледи.
Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Сыягүл Караман тилди сактоо — эң ириде улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карала турган маселе экенине токтолду. “Азыр Гугл тиркемесин ачып, кайсы бир мамлекет жөнүндө билгиңер келсе, биринчи эле аянты, борбор шаары, 3-пункту – тили деп жазылат. Бул деген анын маанилүүлүгү, баалуулугу. Кыргыз тили дегенде эч убакта башка тилди карама-каршы койбош керек деген ойдомун. Биз ата-бабаларыбыздан ажайып жерин, кылымдарды карытып, тарыхта из калтырып, “Манастай” теңдеши жок улуу эпосту жараткан кыргыз тилин аманат катары мураска алганбыз. Ошол мурасты кемитпей, бөксөртпөй, көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга жеткирип, өткөрүп берүү азыркылардын, өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн миссиясы. ªтмүшүбүзгө тарыхчылар, келечегибизге – саясатчылар, ал эми азыркыбызга маалымат, маданият жана илим-билим таратуучу, эл агартуучу – биз жооптуубуз. Президентибиз айткандай, тилди сактоо – улутту сактоо деген түшүнүк менен тең карап, эне тилибизди ыйык туталы”, – деди. Ошондой эле, бүгүнкү күндө мамлекеттик тил чектелүү гана чөйрөдө колдонулбастан, коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кирип, өнүгүү жолунда бара жаткандыгын кошумчалады.
Журналист Тынчтыкбек Кожобеков Кыргыз Республикасынын медиа мейкиндигинде кыргыз тилинин эрежелеринин жана адабий ченемдеринин сакталышына жүргүзгөн мониторинги менен тааныштырып, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн текст жазуу, программа алып баруу учурунда кетирген каталары тууралуу сөз кылды. “Кыргыз тилдүү маалымат каражаттарында стилистикалык жана грамматикалык каталар кеңири тараган. Көп учурда тил нормалары эске алынбайт, сүйлөмдөр логикалык байланыштан ажырайт. Бул көрүнүш тилге болгон кайдыгер мамиледен кабар берет. Демек, ЖМКлар үчүн атайын тил саясаты жана сапатты көзөмөлдөө механизми зарыл”, – деди.
Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кеңешинин мүчөсү, филология илимдеринин доктору, доцент Гүлзада Станалиева “Медиатекстти жазууда эске ала турган жагдайлар” аттуу баяндамасы менен тааныштырып, ЖМКларда орус тилинен кирген сөздөрдүн колдонулуш көйгөйүн жана кыргыз тил нормасына дал келбеген каталар тууралуу маалымат берди. “Медиа – бул тилдин түз чагылдырмасы. Медиа тили – элдик тилге эң жакын турган форма. Ошондуктан, журналисттик тексттерде грамматикалык, лексикалык жана сти-
листикалык тактык зарыл. Мындан тышкары, тилдин көркөмдүгү, ойдун аныктыгы абдан маанилүү. ЖМК кызматкерлери тил маданияты боюнча үзгүлтүксүз окутулушу керек”, – деп белгиледи.
Журналисттер союзунун төрагасы Ильязбек Балташев алгач «Медиа мейкиндикте сүйлөө жана жазуу маданиятынын актуалдуу маселелери» аттуу кереге кеңеш мезгилдин талабына жооп берген, абдан маанилүү иш-чара экенин баса белгиледи.
“Тил – улуттун өзөгү. Ал улуттук аң-сезимди, руханий дөөлөттү, маданий байлыкты чагылдырган эң кымбат мурас. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары ошол тилди коомго жайылтып, жашатып турган күч. Тилекке каршы, акыркы убактарда медиа чөйрөдө тилдин колдонулушу олуттуу көйгөйлөргө кабылды. Сүйлөө жана жазуу маданияты мурдагыдай сакталбай калган учурлар арбын. Адабий тилдин нормалары көп учурда бузулуп жатат. Чет элдик сөздөр ашыкча колдонулуп, кээде ойлордун
туюндурулушу да бүдөмүк болуп калууда. Эгер биз тилди туура колдонбосок, келечек муун адабий тилде эмес, чаташкан, бурмаланган тилди өздөштүрүп калат. Кыргызстан Журналисттер союзу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясы менен биргеликте иш алып барууну сунуштайбыз. Биринчиден, журналисттер үчүн сүйлөө жана жазуу маданияты боюнча үзгүлтүксүз окуу курстарын уюштуруш керек. Экинчиден, басма сөздө жана электрондук ме-диада адабий тилди сактоого көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Үчүнчүдөн, журналистиканын кесиптик этикалык кодексине “Тил маданияты” деген өзүнчө бөлүмдү киргизүүнү демилгелейм. Анткени, сөз жөн гана курал эмес, жоопкерчилик. Ар бирибиз жазган макалабыз, репортажыбыз аркылуу тилдин өнүгүшүнө же бузулушуна салым кошуп жатканыбызды түшүнүшүбүз керек”, – деди.
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов: “Бүгүнкү талкуу – тилге кайдыгер карабаган журналисттердин чогулганын билдирет. Биздин басылма дайыма мамлекеттик тилдин таза колдонулушун колдоп келген жана келечекте да ушул позициядан кайтпайбыз. Медиа мейкиндикте тилдин маданиятын сактоо – ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир материал – окурманга жетчү үлгү. Андыктан, тил маданиятына талап жогору болууга тийиш”, – деп жыйынтыктады.
Кереге кеңештин жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин колдонулушу: учурдагы абал, жетишкендиктер жана көйгөйлөрдү туруктуу негизде талкуулап туруу, сүйлөө жана жазуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери боюнча ЖМК өкүлдөрүнө, басма сөз кызматкерлерине арналган атайын нускама иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүү чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Тил институту түзүлүп жана жакынкы аралыкта орфографиянын жаңы эрежелери даярдалары белгилүү болду.
Бул иш-чара – мамлекеттик тилди жалпыга маалымдоо каражаттарында өркүндөтүү жана коомдо сөз маданиятын жакшыртуу багытындагы маанилүү кадамдардын бири болгонун белгилешти катышуучулар.
Гезитибиздин өткөн сандарында кеп кылгандай, сөз маданияты улуттук тилге карата мамилеге жараша болот жана коомдун жалпы маданий деңгээлин чагылдырат, сөз маданияты – коомдун күзгүсү. Ал эми улуттук тил улуттун, социумдун өнүгүү деңгээлин аныктоочу факторлордун бири. Дал ошондуктан көп өлкөлөрдө сөз маданиятын өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин, дипломаттардын, саясатчылардын, журналисттердин, коомдун сүйлөө, баарлашуу, жазуу маданиятын жакшыртуу менен алектенишет. Көп өлкөлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин сөз маданиятынын проблемаларын атайы изилдешет, кызматкерлердин сүйлөө, жазуу маданиятын жогорулатууну мамлекеттик масштабдагы маанилүү маселе катары эсептешет. Чет мамлекеттердеги окуу жайларында “Сөз маданияты», «Сүйлөө искусствосу». «Жазуу маданияты» «Баарлашуу маданияты», «Сөз этикети» ж.б.у.с. атайы курстар окутулат.
Андыктан, биз дагы учурдагы абалды эске алып, сөз маданиятын калыптандыруу жана көтөрүү жолдорун ойлонуп, акыл калчап, аракеттенүүбүз керек.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”