Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кечээ, 18-майда, кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады.

«Балдарды энелик мээримге, сүйүүгө, сабырга сугарып, адамгерчиликке багыттап, каада-салтты заманбап билимге айкалыштыруу менен тарбия берип, коомдун туруктуу өнүгүшүнө зор салым кошуп келаткан аялзатын кайда болбосун бапестеп-барктап алалы. Ыйбаа кылып, сыпайы сүйлөп, жылуулук тартуулаган энелер, балдарыңыздардын кубаныч, урмат-сыйына бөлөнүп бар болуңуздар», — деген президент.

Өлкө башчы жергиликтүү кеңештердин 42%ын, Жогорку Кеңештин 22%ын, мамлекеттик кызматта иштегендердин дээрлик 44,5%ын аялдар түзүп, жогорку кызматтарда иштеп жаткандыктарын билдирген. Президент алар саясий жана коомдук турмушка бат аралашарын белгилеп, лидерлик сапаттары, өнүгүүгө дайыма умтулуусу мамлекеттүүлүктү чыңдоодо жана анын өнүгүшүндө маанилүү деп эсептээрин кошумчалаган.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар