Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Кыргызстан аэропорттору” 163 атайын техника сатып алды

“Кыргызстан аэропорттору” 163 атайын техника сатып алды

“Кыргызстан аэропорттору” 3 жылдын ичинде өз каражатына 163 атайын техника сатып алды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, атайын техникалардын жалпы суммасы 1,5 млрд. сомду түзгөн. Техникалар өлкөнүн бардык аэропортторуна жеткирип берилген.

“Бул оор техникалардын гана суммасы. Буга күнүмдүк керек кылынуучу жеңил техникалар кирбейт. Жыл соңуна чейин аэропортторубуздун баары керектүү атайын техника менен камсыз кылынат”,-деген Самидинов.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар