Башкы беткеМаанилүүЖогорку медицина багытындагы билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

Жогорку медицина багытындагы билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салынды

Жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Маалыматка ылайык, лицензияны кайра берүү, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгарууну кошпогондо тыюу салуу 2025-жылдын 1-июлунан 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Документ медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизүү тапшырылды.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар