Башкы беткеМаанилүүЭлчи менен жолугушуу

Элчи менен жолугушуу

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.

Жолугушууда Эдил Байсалов Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, эки тараптуу мамиле жылдан жылга бекемделип, анын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы туурасында Келишимдин кабыл алынышын кубануу менен белгиледи.

Тараптар CASA-1000 долбоорунун алкагындагы “Датка-Сугд”  500 кВ линиясынын ишке киришин кубатташты.

Ошондой эле, жакынкы арада Исламабадда өтүүчү Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына даярдык маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар