Башкы беткеМаанилүүЮстиция министрине бюрократиядан арылтуу боюнча тапшырмалар берилди

Юстиция министрине бюрократиядан арылтуу боюнча тапшырмалар берилди

Президент Садыр Жапаров 16-апрелде юстиция министри — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовду кабыл алып, мамлекеттик башкарууну  бюрократиядан арылтуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Аяз Баетов мамлекет башчыга мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыктын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров жарандарга да, мамлекеттик органдарга да маанилүү долбоорлорду ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан ашыкча бюрократияны азайтуу боюнча көрүлүп жаткан кадамдардын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик аппарат таасирдүү, жыйнактуу жана мезгилдин чакырыктарына ыкчам жооп берүүгө жөндөмдүү болушу керек. Биз тез аракеттенүүгө, өз убагында жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. Өткөндөгү түйшүктүү жана инерттүү механизмдер азыркы замандын талаптарына жооп бербей калды», — деди президент.

Өлкө башчысы иштин темпин ыкчамдатууну жана ведомстволор аралык координацияны күчөтүүнү тапшырып, бюрократиядан арылтуу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлине таасир этиши керектигин белгиледи.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар