Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаАсыл тукум чарбаларды эсепке алган автоматташтырылган платформа иштелип чыкты

Асыл тукум чарбаларды эсепке алган автоматташтырылган платформа иштелип чыкты

Асыл тукум субъектилерин жана жасалма уруктандыруу пункттарын эсепке алуу үчүн бирдиктүү автоматташтырылган платформа иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Аталган платформа кагаз жүзүндө документ жүгүртүүнү кыскартуу жана асыл тукум мал чарбачылыгы тармагында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

«Эми платформа аркылуу асыл тукум заводунун, чарбасынын статусун алуу үчүн электрондук арыз берүүгө болот. Системаны иштеп чыгуу «Агросмарт» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды. Учурда анын тестирлөөсү жүрүп жатат»-деп айтылат маалыматта.

«Асыл тукум субъекттердин жана жасалма уруктандыруу пункттарынын электрондук реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы камсыз кылат.

Платформа төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://gosplem.agrosmart.gov.kg.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар