Башкы беткеМаанилүү“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2030-жылга чейинки “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча планын бекитти. Тийиштүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Документке ылайык, концепциянын өзү, аны аткаруу боюнча чаралар планы жана индикаторлордун матрицасы расмий түрдө кабыл алынды. Бул багыттагы иш-аракеттерди министрликтер, ведомстволор, Улуттук илимдер академиясы, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын мэриялары жүргүзүшөт.

Концепциянын негизги максаты — Ысык-Көлдү жана анын биосфералык зонасын антропогендик, техногендик жана жаратылыш факторлорунун терс таасиринен коргоо, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу менен бирге региондун экономикалык өсүшүнө жана калктын жашоо сапатынын жогорулушуна шарт түзүү.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар