Башкы беткеРубрикаларБилим берүүКытай кыргыз стунденттерине мамлекеттик стипендия бөлөт

Кытай кыргыз стунденттерине мамлекеттик стипендия бөлөт

Кытай Эл Республикасы 2026/2027-окуу жылына карата өзүнүн алдыңкы университеттеринде бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тили боюнча стажировка программалары үчүн Кыргызстандын жарандарына 15 мамлекеттик стипендия бөлөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул гранттар 2015-жылы 16-декабрда Пекинде кол коюлган билим берүү тармагындагы кызматташуу боюнча ведомстволор аралык келишимдин алкагында сунушталууда.

Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • окуу акысы;
  • жатаканада жашоо;
  • ай сайынгы стипендия;
  • медициналык камсыздандыруу.

Ошол эле учурда учуу жана виза чыгымдары стипендияга кирбейт жана алар талапкердин жоопкерчилигинде калат.

Сынак талаптары жана толук маалымат student.edu.gov.kg порталында жарыяланды

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар