Башкы беткеМаанилүүБишкекте ЖККУнун Коргоо министрлери кеңешинин жыйыны башталды

Бишкекте ЖККУнун Коргоо министрлери кеңешинин жыйыны башталды

Бишкекте “Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин – Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Жыйын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саламдашуу жана сүрөткө түшүүсү менен башталып, андан соң алар тар курамдагы сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.

Бул ирет жыйын Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбаевдин төрагалыгы алдында өтүүдө.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар ЖККУнун жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарын, ошондой эле аскердик жааттагы өнүгүү маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, отурумда ЖККУнун коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар