Башкы беткеМаанилүүЭмомали Рахмондун Бишкектеги мамлекеттик сапарынын расмий бөлүгү башталды

Эмомали Рахмондун Бишкектеги мамлекеттик сапарынын расмий бөлүгү башталды

“Ынтымак Ордодо” Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алуу салтанаты өтүүдө.

Тажикстандын президентинин кортежи «Ынтымак Ордого» келди. Имараттын флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинип, эки өлкөнүн гимни жаңырып, ардактуу кароолдун тизилүүсү менен аскердик парад өттү.

Эскерте кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алган.

Тажикстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар