Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары17 жашында Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болду

17 жашында Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болду

Чеченстандын Президенти Рамзан Кадыровдун уулу, 17 жаштагы Адам Кадыров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалганы тууралуу маалыматты «Кавказ Реалии» басылмасы таратты. Так дайындалган күнү ачык айтылган жок, бирок кеңештин курамы Чеченстандын башчысы тарабынан түзүлөт.

Адам Кадыров буга чейин коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген жана Украинадагы согушта катышып жаткан Шейх Мансур менен Байсангур Беноевскийдин батальондорунун, ошондой эле Гудерместеги Владимир Путин атындагы атайын күчтөр университетинин жана Чеченстандын Ички иштер министрлигинин куратору катары белгилүү.

Ал Чеченстандын Баатыры наамын алып, Россиянын рекорддор китебине өлкөнүн эң жаш коопсуздук кызматын жетектеген жетекчи катары кирген.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар