Франция, Германия, Италия, Испания, Польша, Улуу Британия жана башка бир катар Европа өлкөлөрүнүн лидерлери АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияга байланыштуу билдирүүлөрүнө каршы чыгып, Данияны колдой турганын билдиришти.
Биргелешкен декларацияда Европа лидерлери Гренландия жана Данияга байланыштуу маселелерди Дания менен Гренландиянын өзү гана чечүүгө тийиш экенин белгилешти. Алар Дания НАТОго мүчө экенин эске салып, Арктикадагы коопсуздук союздаштардын ортосунда жамааттык негизде камсыздалышы керектигин айтышты.
Документте ошондой эле БУУнун Уставындагы суверенитет, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестиги боюнча эрежелер сакталууга тийиш экени баса белгиленген.
Дональд Трамп буга чейин АКШ “улуттук коопсуздук үчүн Гренландияга муктаж” экенин билдирген. Бул билдирүү Даниянын жана анын европалык союздаштарынын кескин нааразычылыгын жараткан.
Гренландия — дүйнөдөгү эң чоң арал болуп саналат. Ал Данияга караштуу автономиялуу аймак жана стратегиялык жайгашуусуна байланыштуу АКШ менен НАТО үчүн маанилүү болуп эсептелет.

