Башкы беткеРубрикаларБилим берүү27 миңден ашык ноутбук аймактардагы мугалимдерге берилет

27 миңден ашык ноутбук аймактардагы мугалимдерге берилет

Бүгүн Технопаркта чогултулган «Алтын Казык» ноутбуктарын Агартуу министрлиги аймактардагы бөлүмдөрүнө өткөрүп берди.

«Ноутбуктардын сапары байсалдуу болсун! Алар мугалимдерибиздин ишине жардам берип, балдардын билимине кызмат кылат деп ишенебиз», – деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева.

Маалыматка ылайык, бул ноутбуктарды үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер сыноодон өткөрүп, аныкталган кемчиликтери жоюлган. Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программасы бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган.

Жалпысынан 27 031 даана ноутбук аймактарга жеткирилүүдө. Алар салттуу түрдө жаңы окуу жылы башталганга чейин жер-жерлерде өткөрүлүүчү педагогикалык кеңешмелерде STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылат.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар