Башкы беткеМаанилүүДүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады. 

Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземине аталган агенттикттин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умөтаалы Кыдыралиев жана бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Германия жана Испаниядан 150 спортчу келгени айтылат.

Турнир 3-майга чейин уланат.

Боксчулар төмөнкү салмактык категорияларда күч сынашууда:

48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 80 кг, 86 кг, 92 кг жана 92 кгдан жогору.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар