|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
18.05.2012
15-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өткөрүлгөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы кезексиз мааракелик сессиясына катышты.
Сессия Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюунун 20 жылдыгына жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналды.
Жыйындын ишине Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Президенттери катышышты.
18.05.2012
Сел алган учур да унутулаар...
«Республика боюнча табият кырсыктары 279 млн. сомдук зыян алып келди. Бардык жабыр тарткандарга колдон келишинче жардам беребиз», - деди Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад облусун кыдыруу учурунда. Анын иш сапары Кеңеш айыл аймагынан башталды. Абдраимов айылынын Ленин көчөсүнүн 116-үйүндө болуп, ал жерде үй ээси Галина Мищенко менен баарлашканда, селден улам үйү жараксыз абалга келгендиги маалым болду. Азыркы учурда үйлөрүнүн короолорун жоокерлердин жардамы менен тазалашып, селде калган буюм-тайымдары сыртта жаткандыгын, өздөрү болсо кошуналарынын үйүнө чатыр тигип, күн өткөрүп жатышкандыгын, Өкмөт тарабынан насыя берилсе, күн жылуу мезгилде кайрадан үй салып алсак деген оюн билдирди.
18.05.2012
Кочкор районунун түштүк ыптасында орун алган «Туз» кени жергиликтүү калкка абалтадан эле белгилүү. Улуу муундар мындагы тузду өткөн доорлордо Кашкарга чейин ташып кеткен учурларды кеп кылгандыктарын азыркы замандаштар айтып калышат. Кечээки ыраматылык Кеңеш өкмөт заманында кен эл чарбасына кеңири пайдалангандан сырткары туздун Бронхиалдык астма дартына миңдин бири катары дарылык мааниси аныкталып, атайын дарылоо жайы уюшулган. Натыйжада мүлдө кайран СССРдин аймагынан береги оору менен жапа чеккендер келишип, далайы «астмадан» айныгыс айыгып кетишчү. Азыр болсо ошол өрөөндүн тукулжурап турган кези. Анткени кен дагы, андагы дарылоо жайы дагы талашка түшүп, арабөк абалда турат.
18.05.2012
Быйылкы жыл республикабызда дагы бир чоң окуянын мааракеси катары белгилүү. 1992-жылы республиканын башкы банкы – Улуттук банк түзүлгөн. Мына ушул датага жана кийинки жылы белгилене турган кыргыз валютасы – сомдун киргизилгенинин 20 жылдыгына карата КРнын Улуттук банкынын жетекчилиги кыргыз валютасынын түзүлүшүнүн жана киргизилишинин башатында турушкан адамдар жөнүндө эскерүүлөрдү уюштурууну чечти. Гезитибиздин мурдагы сандарынын биринде Эмил Садыкович Абдуманапов жөнүндө макалага орун берген элек. Бул жолу Сагыналы Амантурович Сулайманбеков жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Ал Кыргызстандын тарыхында улуттук валютаны – сомду киргизүү боюнча жумушчу комиссиянын жетекчиси катарында калды.
18.05.2012
“Кыргызстандын калкы электр энергиясын пайдаланууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга тийиш. Жылуулук энергиясын жана электр энергиясын берүүчүлөр көрсөткөн кызматтарынын сапатын жакшыртып, ал эми керектөөчүлөр өздөрүнүн укуктарын коргоп, мидеттерин таасын аткаруулары керек”. Бул тууралуу өлкөбүздүн Аялдар конгрессинде өткөн “Абийирдүү камсыздоочудан – абийирдүү кардарга” аталыштагы семинарда КР Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева баса белгиледи.
Маанилүү иш-чара “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү менен жүзөгө ашырылып жаткан “Жылуулук энергиясы менен электр энергиясын берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин, ошондой эле абийирдүү керектөөчү менен төлөөчүлөрдүн маданиятын жогорулатуу” долбоорунун чегинде уюштурулган.
Страница 1 из 176
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25