Америкалык The New York Times гезити Кыргызстандагы Тянь-Шань (Теңир-Тоо) тоолорун 2026-жылы саякаттоого сунушталган дүйнөдөгү мыкты багыттардын тизмесине киргизди. 2026-жылы Кыргызстан Борбор Азиядан бул рейтингге кирген жалгыз өлкө болду.
Басылма туристтерге өлкөнү чыгыштан батышка кесип өткөн, Теңир-Тоо аркылуу өтүүчү жөө саякат маршрутуна көңүл бурууну сунуштайт. Анын жалпы узундугу 1 243 чакырымды түзөт. The New York Times бул жолду Борбор Азиядагы эң таасирдүү жөө маршруттардын бири деп баалаган.
Маршруттагы негизги кооз жерлердин катарына Көл-Суу көлү, XV кылымда курулган Таш-Рабат кербен сарайы, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Саймалуу-Таш улуттук паркы кирет.
Редакторлор бул аймакка июнь айынан сентябрь айына чейин саякаттоону сунушташат. Бул мезгилде тоо ашуулары ачык болуп, бийик тоолуу көлдөр муз менен каптала элек болот.

