Башкы беткеКурултай 2025IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө аймактардын курч көйгөйлөрү көтөрүлдү

IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө аймактардын курч көйгөйлөрү көтөрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө аймактардан келген делегаттар социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык маселелерди көтөрүштү.

Ош облусунун Төлөйкөн айылынан шайланган делегат Бакытбек Самиев Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдөө жана тазалоо маселеси курч турганын билдирди. Анын айтымында, Ак-Буура дарыясы Ош шаарынын символу болгону менен, каналдардын абалы аянычтуу. Ошондой эле ал айылда ФАП жана бала бакча куруу зарылдыгын белгиледи.

Самиевдин маалыматына караганда, бала бакча куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн, бирок каржылоонун жоктугунан курулуш иштери баштала элек. Мындан тышкары, делегат Кыргызстан айылындагы Мырзали көчөсүндө Коргоо министрлигине тиешелүү объект жайгашканына карабастан, жолдун бир да метрине асфальт төшөлбөгөнүн айтып, айылды газдаштыруу жана канализация системасын киргизүү маселелерин да көтөрдү.

Курултайдын жүрүшүндө Нарын шаарынан келген делегат Кундуз Оморова пандемиядан кийин балдардын арасында аутизм жана нерв системасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу диагноздор көбөйүп жатканын билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 217 миң өзгөчө адам болсо, анын 37 миңи өзгөчө муктаждыгы бар балдар.

Оморова белгилегендей, учурда бул балдар үчүн болгону 100 орундуу реабилитациялык борбор бар. Ал эми медициналык кароо, дарылоо жана билим берүү кызматтары өтө кымбат. Ошондуктан ал аймактарда реабилитациялык борборлорду куруу жана адистерди даярдоо зарылдыгын көтөрдү.

“Дени сак бала – бул дени сак мамлекет”, – деди ал.

Ошондой эле делегат жаш балдардын телефон жана башка гаджеттерге берилүүсү алардын тил жана жалпы өнүгүүсүнө терс таасир тийгизип жатканын кошумчалады.

Ал эми Майлуу-Суу шаарынан келген делегат Абдулахап Нуралиев 61 жылдан бери иштеп келе жаткан “Майлуу-Суу” лампа заводу учурда туруктуу иштебей жатканын айтып, президенттен заводдун ишин көзөмөлгө алууну суранды. Анын айтымында, кытай өндүрүшүндөгү диоддук лампаларга суроо-талап жогору болгондуктан, заводдун продукциясы өтпөй, шаар бюджетине салык түшпөй калууда.

Нуралиев заводдун ишин жандандыруу, шаардагы социалдык объекттерди оңдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана чакан ГЭС куруу зарылдыгын да белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн IV Элдик курултайдын экинчи күнүнө өлкөнүн 231 айыл аймагынан жана 33 шаарынан шайланган 700 делегаттын 690у катышууда. Анын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар